Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

ТИМ Орусиядагы жарандарды футбол бүткөнчө сак болууга чакырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыз жарандарын дүйнөлүк футбол биринчилиги бүткүчө сак болууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

- Министрлик зарылдык болбосо “ФИФА-2018 Дүйнөлүк футбол чемпионаты” өтүүчү Орусиянын шаарларына убактылуу баруудан карманып турууну сунуш кылат, - деди Кулукеева.

Футбол биринчилиги Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында 25-майдан 25-июлга чейин өтөт.

Орус президенти кол 9-майда кол койгон жарлыкка ылайык, Орусиянын аймагында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилет. 25-майдан 25-июлга чейин чет өлкөлүк жарандарды келген жери же жашаган дареги боюнча эсепке алуу жана каттоо футбол өтчү шаарларда бир сутка ичинде жүргүзүлөт.

Ошондон улам футбол биринчилигинин убагында КРнын жарандарына укуктук жана консультативдик жардам көрсөтүү үчүн элчиликтин “ыкчам байланыш” телефондору иштейт. Элчиликтин ыкчам байланыш телефондору: +7 (925) 864-47-26, +7 (925) 864-47-11

Москва шаарындагы коомдук уюмдардын телефондору: +7 (925) 703-82-61, +7 (926) 528-33-99, +7 (968) 808-19-30, +7 (963) 667-28-28, +7(926)910-17-77

Санкт-Петербург: +7 (900) 634-90-95, +7 (921) 939-35-40, +7 (962) 688-25-06

Казань: +7 (966) 260-97-60

Сочи: +7 (988) 245-43-02, +7 (988)286-51-20

Нижний Новгород: +7 (967) 713-67-37

Самара: +7 (927) 260-34-84

Калининград: +7 (952) 792-15-35

Екатеринбург: +7 (343) 223-68-12, +7 (963) 855-31-81, +7 (922) 229-66-66

Саранск: +7 (999) 716-75-90

Волгоград: +7 (961) 669-95-55

Ростов-на-Дону: +7 (960) 461-61-61, +7 (918) 528-81-85

XS
SM
MD
LG