Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Өгөй кызына жыныстык ыдык көрсөткөн жаранга сот өкүмү чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Өзүнүн өгөй кызына жыныстык ыдык көрсөттү" деген шек менен камакка алынган Ат-Башы районунун 37 жаштагы тургунуна карата сот өкүмү чыкты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков билдирди. Анын айтымында, соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, айыпталуучу психикалык жактан жабыркай тургандыгы аныкталган.

Ошондон улам Ат-Башы райсоту айыпталуучуга карата козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып, аны Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жайгаштырганга чейин камакта калтыруу жөнүндө токтом кабыл алган.

Кылмышка шектүү 12 жаштагы өгөй кызына үч жыл бою жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасап, “эч кимге айтпа” деп коркутуп келген. Өгөй атасынан кордук көргөн секелектин окуясы өзү жазган каттын негизинде белгилүү болгон. (MiK)

XS
SM
MD
LG