Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

С.Станалиевдин Чыңгыз Айтматов тууралуу романы жарык көрдү


Самсак Станалиев жана анын китеби
Самсак Станалиев жана анын китеби

Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясында таанымал адабиятчы, жазуучу Самсак Станалиевдин “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык үчилтик романынын бет ачары өттү.

Чыгарма адамзаттын залкар ойчул калемгери Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) өмүрүнө, тагдыр-турмушуна, чыгармачылыгына, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхына, адабиятыбыздын өнүгүү жолундагы оош-кыйыштарга арналган.

750 беттен турган көлөмдүү роман “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Китептин баш сөзүндө академик Абдылдажан Акматалиев чыгарма жөнүндө:

“Романда жалгыз эле Айтматовдун образы түзүлбөстөн, кыргыздын белгилүү жазуучулары Аалы Токомбаевдин, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Узакбай Абдукаимовдун ишенимдүү, далилдүү факты-материалдардын негизинде түзүлгөн реалдуу образдарын да көрүүгө болот”, – деп жазган.

Жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиев поэтикалык жана прозалык 13 китептин автору. Ал Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын автордун сунушу менен орусчадан кыргыз тилине которгон. Ал окурман журтчулугуна кыргыз интеллигенциясынын залкар инсандары жөнүндө көптөгөн адабий изилдөө макалаларды жазган, «Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)» жана Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу «Жылдын эң узак күнү» аттуу тарыхый романдарды жараткан калемгер катары белгилүү. (ZA)

XS
SM
MD
LG