Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы боюнча козголгон кылмыш иши жандандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.
Молдокматов конкреттүү кайсы кылмыш иши кайрадан иликтене баштаганын ачык айткан жок.
Буга чейин Эсеп палатасы Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 118 миллион сомду максатсыз жумшаганын аныктаган. Бул фактыларга байланыштуу Башкы прокуратура алгач жалпысынан сегиз кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
2015-жылы болсо башкы прокурор Индира Жолдубаева Оштогу үйлөрдүн курулушу боюнча төрт кылмыш иши бар экенин, алардын үчөө токтотулуп, бирөө кыскартылганын айткан. Андан бери бул иштердин жыйынтыгы жана жазага тартылгандар боюнча маалымат кабарланган эмес.
2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция Ошто көп кабаттуу 24 үй салган. Буга эл аралык уюмдар берген каражаттан 6 миллиардга жакын сом жумшалган. Аталган үйлөрдөгү 1392 батирдин 629у июнь окуясында жабыркагандарга берилген. 326 батир күч түзүмдөрүндө иштегендерге, 45 батир Азиздер жана дүлөйлөр коомуна тийген. Бир үй 6 миллионунчу кыргызстандыкка тапшырылган. Ашып калган 391 батир ипотекага берилүүдө. (ErN)