Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Орусия дипломаттарын чыгарган өлкөлөрдүн элчилерин ТИМге чакырды


Британиянын Орусиядагы элчиси Лори Бристоу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен чыгып баратат. Москва, 30-март, 2018-жыл.
Британиянын Орусиядагы элчиси Лори Бристоу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен чыгып баратат. Москва, 30-март, 2018-жыл.

Бир нече мамлекеттин элчилери бүгүн Москванын жообу тууралуу нота алууга чакырылганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мунун алдында кечээ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва да АКШ, Британия жана башка мамлекеттер чыгарган орус дипломаттарына барабар сандагы чет элдик дипломаттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.

Буга кошумча Москва бүгүн Лондон бир ай ичинде өз дипломаттарынын санын Орусиянын Британиядагы миссиясына тең кылып, кыскартуусу керектигин да билдирди. Бул сан азырынча белгисиз.

Орусиянын чечимине ылайык, маселен АКШнын алтымыш дипломаты 5-апрелге чейин кетиши керек. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы америкалык консулдук жабылат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Хизер Нойерт Москванын кадамы алар үчүн күтүүсүз эместигин белгилөө менен буларды айтты:

- Бизге берилген тизмеден Орусия Федерациясы эки өлкө үчүн маанилүү маселелер боюнча диалогго кызыкдар эместиги билинип турат. Мен баса белгилеп кетейин, Орусиянын жообун эч актоого болбойт. Ал биздин толугу менен жөндүү аракеттерибиз үчүн негизсиз кадамга баргандай.

Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипал менен анын кызынын ууланганына жооп чара катары Британия, АКШ баштаган мамлекеттер чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.

Скрипалдын ууланганы үчүн Лондон Москваны күнөөлөгөн. Британиянын турумун АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү колдогон. (UE)

XS
SM
MD
LG