Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:03

Британия: Орусиянын кадамы фактыларды өзгөртпөйт


Британиянын Орусиядагы элчиси Лори Бристоу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен чыгып баратат. Москва, 30-март, 2018-жыл.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Орусиянын кадамы кол салуу боюнча “фактыларды” өзгөртпөйт. Ал эми “британ жеринде эки адамды өлтүрүү аракетине” Орусия күнөөкөр жана ал “эл аралык укукту, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык конвенцияны чектен чыгуу менен бузду” деген бүтүмгө альтернатива жок.

Расмий Лондон Москванын Британия Орусиядагы дипломаттарынын санын бир ай ичинде Орусиянын Британиядагы миссиясына теңдеп кыскартуусу керек деген эскертүүсүн “өкүнүчтүү”, бирок “күтүлгөн” деп атады.

Бүгүн Орусия анын дипломаттарын чыгарган өлкөлөрдүн элчилерин ТИМге чакырган эле.

Бир нече элчи Москванын жообу тууралуу нота алышы үчүн чакырылганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мунун алдында кечээ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва да АКШ, Британия жана башка мамлекеттер чыгарган орус дипломаттарына барабар сандагы чет элдик дипломаттарды өлкөдөн кетирерин жарыялаган.

Маалыматка караганда, эми Астралия, Албания, Германия, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Латвия, Литва, Македония, Молдавия, Нидерланд, Норвегия, Польша, Румыния, Украина, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция жана Эстониянын дипломаттар тобу 7-апрелге чейин кетиши керек.

Ал эми АКШнын алтымыш дипломаты Орусиядан 5-апрелге чейин кетиши зарыл. Ошондой эле Санкт- Петербург шаарындагы америкалык консулдук жабылат.

Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызынын ууландырылуусуна жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан көп мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.

Скрипалдардын ууландырылуусу үчүн Лондон Москваны күнөөлөгөн. Британиянын турумун АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү колдогон. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG