Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

КСДП курултайына Алмазбек Атамбаев келди


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматынын коштоосунда Бишкектеги “Орион” мейманканасына келди жана КСДП партиясынын курултайы башталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчылары жеринен кабарлашты.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” курултайына журналисттер киргизилбесин, бирок Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан.

Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына 190 делегат чакырылган.

Бирок белгисиз себептерден улам жыйынга партия мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Жанар Акаев чакырылган эмес. Курултайдын күн тартибиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат. (UEz)

XS
SM
MD
LG