Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Газа тилкесинде өлгөн палестиналыктардын саны 15ке жетти


Палестинанын саламаттык сактоо министри Израил-Газа чегинде болгон израилдик аскерлер менен палестиналыктардын кагылышуусунан 15 палестин каза таап, жүздөгөн адамдар жарадар болгонун расмий билдирди. Кагылышуу 30-мартта башталган.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 30-мартта чукул жыйынган чогулуп, Газадагы кан төгүүнү жабык талкуулады. Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасына чатырларды тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын башташты.

Алар муну менен палестин качкындарынын азыр Израил тарапта калган жерлерине кайтуусуна мүмкүндүк берилишин көздөп жатышат. Нааразылык акциясын палестиндердин Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда.

Мындан улам Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн.

БУУнун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону качкындар же качкындардын урпактары. (BCh)

Газа секторундагы кагылыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

XS
SM
MD
LG