Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Лондондо орус учагы тинтүүгө алынды


Лондондогу “Хитроу” аэропортунда Москвадан учуп барган “Аэрофлот” компаниясынын учагы тинтүүгө алынды. Бул иш-чараны жүргүнчүлөр учактан түшүп кеткенден кийин британ бажы кызматы уюштурган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну “чагым” катары баалады. Расмий өкүл Мария Захарова “Скрипалдын ишинен улам британ бийлиги "булганган кадыр-баркын" жуугусу келип жатат”, - деди. Ал эми “Аэрофлот” компаниясы кандай болгон күндө да британ расмийлери менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

4-мартта Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги кызы экөө Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган.

Лондон аларды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарды. Кремл бардык дооматтарды четке кагып, Британия баштаган өлкөлөргө жооп иретинде дипломаттарды чыгарып жатат.

Британияга тилектештик иретинде Батыштын бир катар мамлекеттери жалпы жонунан орусиялык 100 дипломатты чыгарды. (BCh)

XS
SM
MD
LG