Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Атамбаев: Жээнбековду адаштырып жатышат


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте маалымат жыйын куруп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго Коргоо кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатканын айтты.

Анын айтымында, 8-февралда С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде айткан коррупцияга байланыштуу маалыматтар чындыкка коошпойт.

- Жээнбековго Коопсуздук кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатат. Анткени менин убагымда коррупцияга каршы күрөш боюнча көптөгөн иштер жасалган. Коопсуздук кеңешинде маркум Темир Жумакадыров коррупцияга каршы стратегиялык иштерди жасаган, - деди Атамбаев.

Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда А.Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар курултайга кирбей калганын айтса, айрымдары партия жетекчилигине нааразылык иретинде жыйындан чыгып кеткенин билдиришти.

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Орион” мейманканасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG