Экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун парламентте отурушунун арты жакшы болбойт деп айтты.
Ал мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди. Атамбаев “азыр баары Жээнбековдорду мактап жатышат, бирок президенттин иниси депутат болуп отурганы азыр билинбейт, бирок арты жакшы болбойт” деди.
Президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков учурда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат. Ал бүгүнкү съездге чакырылган эмес.
Бүгүн КСДПнын съезди өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Съездге 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар съездге кирбей калганын айтса, айрымдары партия жетекчилигине нааразылык иретинде жыйындан чыгып кеткенин билдиришти.
Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Орион” мейманканасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.(UEz)