Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

КСДП: Партиялык курултайга эч ким каршылык кылган жок


КСДП жыйыны
КСДП жыйыны

Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын катчылыгы партиянын курултайына айрым депутаттар каршылык иретинде барган жок деген маалыматты төгүндөдү.

КСДП фракциясынын маалымат катчысы Азамат Касымбеков Кожобек Рыспаев ден соолугуна байланыштуу, Абдывахап Нурбаев башка облуста жүргөнү үчүн, Аида Касымалиева чет өлкөдөгү сапарына байланыштуу курултайга катышпаганын билдирди.

Касымбеков депутат Мурадыл Мадеминов курултайга катышканын, Төрөбай Зулпукаровдун катышып-катышпаганы тууралуу маалымат жоктугун кошумчалады.

Буга чейин КСДП депутаттарынын бири “Азаттыкка” жогоруда аты аталган эл өкүлдөрү каршылык иретинде курултайга катышпаганын айткан.

Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын курултайы өтүп, экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылганы айтылган. Атамбаев жыйындан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди. (UEz)

XS
SM
MD
LG