Линктер

дүйшөмбү, 21-январь, 2019 Бишкек убактысы 09:15

Сапар Исаков КСДП съездине барды


Өкмөт башчысы Сапар Исаков КСДП съездинин түштөн кийинки бөлүгүнө келип, делегаттар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Урмат Кабылова “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын съезди өтүп, экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Съездге 190 делегат чакырылганы айтылган. Атамбаев жыйындан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Премьер-министр Сапар Исаков КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.(UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG