1-апрелден 3-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоодо мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 9...14,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 9...14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5°.
1-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9, күндүзгү жогорку температурасы 11…13 градус жылуу болот.