Орусиянын Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу бир нече маалымат каражаттары жазды.
Түлеев мындай кадамга 64 кишинин өмүрүн алган “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттөн бир жумадан кийин барды.
Түлеев өзүнүн видеокайрылуусунда кырсыкка байланыштуу колунан келгенин кылганын, бирок бул кызматта калууга моралдык укугу жок экенин билдирген.
73 жаштагы Түлеев саясатка 80-жылдары келген. Ал 1997-жылдан бери Кемерово облусун жетектеп келет. Ортодо төрт жолку шайлоодо кайра шайланган. Анын губернаторлук мөөнөтү 2020-жылы аяктамак.
25-мартта "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт расмий маалымат боюнча 64 адамдын, анын ичинде 41 өспүрүмдүн өмүрүн алып кетти. Тергөө комитети кырсыкка байланыштуу соода борборунун жетекчилерин жана тиешелүү кызматкерлерди камакка алган.