Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Бишкекте велосезондун ачылышы болду


Кыргызстандагы велосипеддер. 1-апрель, 2018-жыл.
Кыргызстандагы велосипеддер. 1-апрель, 2018-жыл.

Бүгүн, 1-апрелде Бишкекте велосезондун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан “Мегаком” уюк компаниясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Велоспорт жана велотуризм федерациясынын катышуусунда уюштурулду. Сезондун ачылышына 1500гө жакын велосүйүүчү катышты. Алар борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинен түштүк дарбазадагы Жеңиш паркына чейин веложүрүш жасашты.

Велосезондун ачылышы 12 жылдан бери өтүп келет. Иш-чара сергек жашоону даңазалап, шаардыктарды велосипед менен жүрүүгө үндөйт. Айрым адистер Бишкекте велосүйүүчүлөр жыл санап көбөйүп жатканын белгилешет. (UEz)

XS
SM
MD
LG