31-мартта Түркиянын Малатия шаарында Этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурган чүкө фестивалы өттү. Түркиянын чүкө оюндары боюнча курама командасынын мүчөсү Шемсеттин Йигиттин айтымында, ордо оюну жергиликтүүлөрдүн кызыгуусун арттырды:
- Негизинен Түркияда чүкө ойношпойт. Бирок жергиликтүүлөр келип ойноп көрүп, абдан кызыгышты. Биз вандык кыргыздар курама команда түзүп, Түркияда дал ушул чүкө оюндарын таанытып жатабыз. Азыркы технологиянын күч алып турган маалында кичинекей балдарга ушундай улуттук оюндарды ойнотсок деген максатыбыз бар. Эгер чакыруу болуп калса, Көчмөндөр оюнуна да барганга аракет кылабыз, - деди Йигит.
Вандык кыргыздар Түркияда көкбөрү жана чүкө оюндары боюнча курама командаларын түзүп, ишмердүүлүгүн улантып келишет.
Фестивалда чүкө оюндарынан тышкары улуттук ат оюндары да уюштурулду. Этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Конфедерация сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарын уюштурган федерацияларды камтыйт. (ElB)