Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Волоколамск шаарында таштанды талаасына каршы акция өтүп жатат


Волоколамск шаарындагы акциянын катышуучулары. 24-март, 2018-жыл.
Волоколамск шаарындагы акциянын катышуучулары. 24-март, 2018-жыл.

Волоколамск шаарынын борборуна миңдеген адамдар чогулду. Полиция плакат көтөргөн бир нече кишини кармады. “Башка Орусия” оппозициялык бирикмесинин төрт активисти шаарга кирип келатканда кармалды.

Нааразылыкка чыккандар жергиликтүү бийликтин кетишин жана Москва облусунун губератору Андрей Воробьевдин кызматтан четтетилишин талап кылышууда. Ошондой эле “Ядрово” таштанды тааласын жоготуу талабы коюлду. Волоколамск районунда массалык акциялар жыл башынан бери өтүп жатат.

Тургундар таштандыдан чыккан газдын ден соолукка тийгизген таасиринен чочулашат. Уулуу газдын айынан ондогон балдар ооруканага түшкөндөн кийин кырдаал курчуду.

Мындан мурдараак «Ядрово» таштанды талаасына каршы акцияларды уюштурган активист Артем Любимовду полиция кармаган. Ага "полицияга баш ийген эмес" деген кине тагылды.

XS
SM
MD
LG