Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Бишкекте аутизм тууралуу маалымат таратуу өнөктүгү башталат


Аутист балдардын сүрөт-көргөзмөсү. Бишкек, 2-декабрь, 2017-жыл.
Аутист балдардын сүрөт-көргөзмөсү. Бишкек, 2-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандагы “Колдон колго” коомдук фонду апрель айында "ачык эшик" күнүн өткөрөт.

Каалоочулар бул айда иш күндөрү аталган фондго барып, аутизм жана аутист балдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат ала алышат.

2-апрель – аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү.

Аутизм эмнеден улам пайда болору азыркыга чейин аныктала элек. Ошол себептүү элдин бул оору тууралуу билиши маанилүү деп эсептелет.

Бишкекте “Колдон колго” коомдук фондунун тизмесинде 300дөн ашуун бала турат. Кыргызстан боюнча аутизм менен жабыркагандардын так саны белгисиз.

XS
SM
MD
LG