Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Ошто аутизм жөнүндө маалымат таратуунун бир айлыгы башталды


Аутист балдардын Бишкектеги сүрөт көргөзмөсү.
Аутист балдардын Бишкектеги сүрөт көргөзмөсү.

Буга карата 2-апрелде ачык эшик күнү уюштурулуп жатат. Иш-чараны "АВА мама+" аутист балдарды колдоо борбору жана "Smаil.KG" коомдук фонду Ош мэриясынын колдоосу менен өткөрөт.

Уюштуруучулардын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүн аутист балдарды колдоо максатында жүрүш болуп, аягында "Нур" кинотеатрында "Мухит бейиши" деп аталган тасма көрсөтүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара өзгөчө балдардын жашоосун жакшыртуу, Ош шаарынын тургундарына аутизм тууралуу кенен маалымат берүү максатын көздөйт.

2-апрель – Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү.

Аутизм диагнозу коюлган балдарга 3-топтогу майыптык берилет. Кыргызстанда бул оору менен жабыркаган балдардын так саны тууралуу маалымат жок.

Азырынча дүйнөлүк медицина аутизмдин пайда болуу себептерин аныктай элек. (MdN)

"Азаттыктын" архиви: Өзгөчө дүйнө, өзгөчө балдар. 2015-жыл

XS
SM
MD
LG