Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Массалык уулануу боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында катталган массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 258-беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү") боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштерин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди.

- Бул окуя боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө, - деди ал.

31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген 190 адам катышкан үйлөнүү тою өтүп, андан ууланган адамдардын саны 140ка чукулдаганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлоодо.

Ресторандын ээлери текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбесин айтышууда. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок эти себеп болгонун, так жыйынтык 4-апрелде чыгаарын билдирди.

Коомдук тамактануучу жайларынан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG