Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында тамакка ууланып, дарыгерлерге кайрылгандардын саны 173 кишиге жетти. Алардын 22си аймактарда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Бишкек боюнча жетекчиси Артур Буюклянов журналисттерге билдирди. Анын маалыматына ылайык, жапырт уулануу катталган "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылды. Ал эми анын жетекчисине 20 миң сом, администраторуна 5 миң сом айыппул салынды.
31-мартта баш калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Оштон, Ысык-Көлдөн, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү тою өтүп, андан уулангандар дарыгерлерге кайрыла башташкан.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок эти себеп болгонун, так жыйынтык 4-апрелде чыгарын билдирүүдө. Жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган.(KE/ZKo)