Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Кадамжайда атасыз балдарга жардам берилди


“Абийир” кайрымдуулук фонду Кадамжай шаарынын аймагында жашаган 15 жашка чейинки 45 атасыз жетим балага миң сомдон жөлөк пул берди.

Кайрымдуулук фондунун Кадамжайдагы өкүлү Ысмайыл Закировдун айтымында, мындан ары жетим балдарга ар эки ай сайын миң сомдон жөлөк пул берилип турат:

- Бул акчаны кадамжайлыктар ай сайын жыйнашат. Аны топтоп жетим балдарга беребиз. Акча эле эмес, кийим-кече, тамак-аш да беребиз. Бүгүн 45 балага миң сомдон акча жана бир килограммдан эт бердик. Бир үй-бүлөдө төрткө чейин бала бар. Биз алардын бирөөнө эле беребиз. Азырынча баарына жеткире албайбыз. Бул акча аз да болсо жөлөк болот.

“Абийир” кайрымдуулук фонду 2004-жылы Кызыл-Кыя шаарында негизделген.

Баткен облусу боюнча 164 томолой, 4271 жарым жетим бала Социалдык өнүктүрүү министрлигинин каттоосунда турат.(MdN)

XS
SM
MD
LG