Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Кытайдын космос станциясы океандын үстүндө күйүп кетти


"Тянгун-1" 2011-жылдын сентябрында космоско учурулган.
"Тянгун-1" 2011-жылдын сентябрында космоско учурулган.

Кытайдын "Тянгун-1" космос станциясы Жердин атмосферасына кирип, Тынч океандын үстүндө күйүп кетти. Кытайдын космос башкармалыгы 8 тонналык жабдыктын ири бөлүктөрү жерге кулашы өтө күмөн экенин 2-апрелде билдирген. Узундугу 10 жарым метрлик "Тянгун-1" 2011-жылдын сентябрь айында учурулуп, 2016-жылы ишин аяктаган.

Кытай 2022-жылы орбиталдык станцияны учурууну пландап жатат. Долбоор ийгиликтүү болсо, ал «Мир» менен Эл аралык станциядан кийинки үчүнчү станция болуп калмакчы. "Тянгун-1" - ошол программаны ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү.

Станцияга кытайлык алты астронавт же "тайконавт" барып келген. "Тянгун-1" жерге 2017-жылы кайтып келмек, бирок бул процесс кечеңдей баштаганда айрым эксперттер "станция башкаруудан чыгып кеткен" деп болжолдоп келишти.

Адатта оор космос жабдыктары ракета кыймылдаткычтарынын жардамы менен Тынч океандын алыскы аймактарына жөнөтүлөт. Мухиттин түбүндө 260 жандоочтун калдыктары жатат.

XS
SM
MD
LG