Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтеген депутаттык комиссия 2-апрелде кезектеги отурумуна чогулду. Жыйынга Бишкек ЖЭБин модернизациялоо убагында иштеген мурдагы-кийинки өкмөт башчылар чакырылган. Бирок отурумга мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев келген жок. Бул айрым депутаттарды нааразы кылды. Анткени депутаттык комиссия Сатыбалдиевден TBEA менен түзүлгөн 386 млн. долларлык келишим боюнча маалымат сурамак.
Ал эми экс-премьер-министр Темир Сариев өзүнө берилген суроолорго жооп берүүдө. Депутаттык комиссиянын жыйынына Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова да келген.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, борбор шаар беш күн бою жылуулуксуз калган. Ушундан улам "ЖЭБди жаңылоого сарпталганы кабарланган 386 млн. кайда жумшалды?" деген суроо жоопсуз калган. 12 депутаттан түзүлгөн комиссия буга чейин бир катар жыйын өткөрүп, ЖЭБге сатылып алынган жабдыктардын баалары алда канча кымбат көрсөтүлгөнүн аныкташкан. (EBM/ZKo)