Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:38

Прокуратура кош бойлуу келиндин кыйноого алынышы боюнча иш козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кош бойлуу келинди кыйнаган фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши жабырлануучу Наргиза Ражапованын берген арызынын негизинде жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында козголду. Маалыматта айтылгандай, Ражапова кош бойлуу экенине карабай, Ош ШИИБнүн кызматкерлери аны подполковник Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча керектүү маалымат алыш үчүн кыйнашканы тууралуу даттанган.

Бул арыздын негизинде прокурордук көзөмөл иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык психологиялык-нравалык кысымдан улам келиндин боюнан түшүп калган, медициналык экспертиза ал бүгүнкү күнгө чейин депрессиядан чыга албай жатканын аныктаган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 2-3-бөлүгү ("Кош бойлуу аялды топтошкон адамдардын кыйноосу"), 125-беренесинин 2-бөлүгү ("Кош бойлуу келинди топтошкон адамдар эркиндигинен мыйзамсыз ажыратышы") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул ишти иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жиберилди.

2017-жылы 23-мартта мурда Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде иштеген милициянын подполковниги Таирбек Уларов өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Ош шаарынын четиндеги каналдын боюна токтотулган машинеден табылган. Ал кылмышка шектүү катары Уларов менен мурда тааныштыгы болгон Наргиза Ражапованын жолдошу Дамир Шабыралиев жана Наргизанын иниси Мурат Ражапов кармалган. Наргиза Ражапова милиционерлер күйөөсүнөн керектүү көрсөтмө алыш үчүн өзүн кыйноого алышканын белгилеп, прокуратурага кайрылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG