Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Анкарада Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын лидерлери жолугат


Ирандын президенти Роухани, орус лидери Путин жана түрк мамлекет башчысы Эрдоган. Сочи, 22-ноябрь, 2017-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин эки күндүк иш сапары менен 3-апрелде Түркияга барып, Анкарада түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушат.

Кремл түрк-орус президенттеринин шейшембидеги жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланарын билдирди. Ошондой эле эки лидер "Аккую" атомдук электр станциясынын биринчи бөлүгүнүн курулушунун расмий башталышына күбө болушат.

Түркиянын 20 миллиард долларга бааланган алгачкы атомдук станциясын "Росатом" мамлекеттик агенттиги курмак болгон.

4-апрелде болсо Анкарада эки лидерге Ирандын президенти Хасан Роухани да кошулуп, алар Сирия маселесин талкуулашмакчы. Үч өлкө буга чейин Сирия маселеси боюнча бир нече жолу Астанада жана Сочиде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG