Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Таласта жүк ташыган айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты


Таластагы облустук администрацияга чогулган айдоочулар. 2-апрель, 2018-жыл.

Бүгүн Талас шаарында Кара-Буура районунан келген 40тан ашык айдоочу Транспорт министрлигине нааразы болуп, облустук администрацияга келди. Чогулгандардын бири Дайырбек Эрмурзаев «Азаттыкка» чогулгандардын талабын мындайча түшүндүрдү:

- Биз негизинен айылга шагыл таштарды ташыйбыз. Анан таразаны көзөмөлдөгөндөр "жүктү белгиленген ченемден ашырып жатасыңар" деп айыппул салып жатышат. "КамАЗда" үч катар дөңгөлөк бар да. Алдыда бир катар, артта эки катар дөңгөлөк бар. Ошондо алдынкы окто кабина эле болот, жүк дээрлик салынбайт. Булар болсо "алдыңкы окко 10-12 тонна жүктөй бергиле" деп атат. Жок дегенде алдын сегиз, артын 12 тонна жүктөгүдөй кылып берсе жакшы болот эле. Жалпысы 24-25 тоннага эле уруксат берсе болмок. "Алдыңкы окко 12, артына сегиз тоннадан жүк ташыганга уруксат" деп атышат. Алдына болсо 4-5 тонна эле жүк батат.

Чогулгандарды өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев кабыл алып, маселени өкмөттүк деңгээлде чечиш керек экенин айтты. (AlS)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG