Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Кашмирде коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Кашмирдеги куралдуу кагылыш, Сринагар шаары, 1-апрель, 2018-жыл.
Кашмирдеги куралдуу кагылыш, Сринагар шаары, 1-апрель, 2018-жыл.

Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 20 кишинин өмүрүн алган кагылышуулардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сринагар баштаган бир катар шаарларга коменданттык саат учурундагыдай чектөөлөр киргизилип, нааразылык акцияларынын алдын алыш үчүн кошумча аскер күчтөрү жөнөтүлдү.

1-апрелде Сринагар шаарынын түштүк ыптасында жүздөгөн адамдар Индиянын Кашмирдеги козголоңчуларга каршы соңку операцияларына нааразылык билдирип чыгышкан. Полиция митингчилер таш ыргыта баштаганда аларга ок атканын, андан төрт жайкын тургун мерт болгонун кабарлаган. Ал эми Пакистанга ыктаган жикчил топтор менен Индия күчтөрүнүн соңку куралдуу кагылышууларынан 3 индиялык аскер, 13 жоочу мерт болду.

Коңшу Пакистан Индиянын аракетин айыптап, бейкүнө адамдардын өмүрү кыйылып жатканын билдирди. Индия болсо бул коңшусун "Кашмирдеги жоочуларды курал менен камсыз кылып, машыктырып жатат" деп бир нече жолу күнөөлөгөн.

Бул эки өлкө 1947-жылы Британиянын колониясынан бошонгондон бери эле Кашмирди талашып келатышат.

XS
SM
MD
LG