Кыргызстанда ушул күндөрү туруксуз аба ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Өлкө аймагындагы тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар.
3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,
Баткен облусунду түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Бийик тоолуу райондордо -10...-15, күндүз -2...+3 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17°.