Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында ондогон окуучу кыздар уулануунун белгилери менен ооруканага түштү. Лашкаргах шаарындагы кыздар мектебинин 10-11-класстарына окуган кеминде 52 окуучу шаардык ооруканага жеткирилгенин провинциянын билим берүү департаментинин башчысы Давуд Шах Сафари билдирди.
Дарыгерлер маалымдагандай, окуучу кыздардын баары башы ооруганын, кускусу келип жатканын айтышкан. Алардын абалы туруктуу экени кабарланды. Бирок азырынча жапырт ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.
Полиция окуя болгон жерге иликтөө жүргүзүш үчүн атайын эксперттер жөнөтүлгөнүн маалымдады. Гилменд провинциясынын басымдуу бөлүгүн кыздардын билим алышына каршы чыккан "Талибан" кыймылы көзөмөлдөйт.