Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Активист Мавлян Аскарбековго карата сот чечими чыгат


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн жарандык активист, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго байланыштуу жараян уланат. Анда айыпталуучуга акыркы сөз берилип, чечим чыгарылат.

Бул тууралуу Аскарбеков "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, райондук соттун имаратынын алдында бүгүн активистти колдоо акциясы да болот.

Мавлян Аскарбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси, “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан.

Айыпталуучу жана адвокаттар сот ишти акыйкат карабай жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз берген, сот аны канааттандырган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG