Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Казакстанда жүзгө жакын киши балмуздактан ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Чымкент шаарында балмуздактан уулангандардын саны жүзгө чукулдады. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Сулеева "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, балмуздак жеген жүзгө жакын киши ооруканага кайрылып, алардын баары жаткырылып, анализдер алынган. Кийинчерээк 38 киши үйлөрүнө чыгарылган.

Ууланган кишилердин так саны экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.

2-апрелде облус акими Жансеит Туймебаев жабыркагандар менен жолуккан учурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишин сынга алган.

Балмуздактан уулангандар Чымкенттин инфекциялык ооруканасына 29-марттан тартып түшө баштаган. Алардын баары шаардагы күркөлөрдүн биринен балмуздак жегени аныкталган.

XS
SM
MD
LG