Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Активисттер шаар мэрин жоопко тартууну талап кылышууда


Бишкек мэриясынын алдындагы митинг. 3-апрель, 2018-жыл
Бишкек мэриясынын алдындагы митинг. 3-апрель, 2018-жыл

Бактардын кыйылуусуна каршы митингдин катышуучулары Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевди жана айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жооптуу башка жетекчилерди кызматтан алып, кылмыш жообуна тартууну талап кылган кайрылуу кабыл алышты.

Кайрылуу УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин атына жазылган. Активист Гүлнара Журабаева шаар жетекчилигин "баш калаанын жашыл аймактарын мыйзамсыз түрдө сатып, бактардын ордуна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна мүмкүнчүлүк берип жатат" деп айыптады:

- Булар шаардагы бактардан бизнес жасап, акча иштеп жатышат. Алар үй куруучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жашыл парктардын баарын сатууда.

Былтыр Бишкекте үч миңдей бак кыйылган. Шаардын жетекчилиги бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, шаардыктардын коопсуздугу үчүн карып, ичинен чирип жаткан бактар кыйылып жатканын билдирген. Мэрия кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган.

Экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан эки-үч эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG