Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Рязанда кырсыктаган кыргызстандыктардын төртөөнүн абалы оор


Миграция кызматынын өкүлү автокырсыктан жабыркаган кыргызстандык жарандын абалы менен таанышууда. Орусия, Рязань. 2-апрель, 2018-жыл.
Миграция кызматынын өкүлү автокырсыктан жабыркаган кыргызстандык жарандын абалы менен таанышууда. Орусия, Рязань. 2-апрель, 2018-жыл.

Орусиянын Рязань облусунда автокырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы менен Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлү элчилик кызматкерлери менен чогуу барып таанышты. Миграция кызматынын басма сөз катчысы Куван Бектемировдун "Азаттыкка" кабарлаганы боюнча, жабыркагандардын төртөө учурда Рязандагы облустук ооруканада.

Аймактагы травма борборунун жетекчиси Андрей Корпуриндин кыргызстандык өкүлдөргө маалымдаганы боюнча, алардын абалы оор. Ал эми төртөөнүкү канааттандырарлык деп бааланууда, алар кырсык катталган Щацкий районундагы ооруканага жаткырылган.

Миграция кызматынын жана элчилик өкүлдөрү Рязань облустук полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен да жолуккан. Маалыматка ылайык, кыргызстандык сегиз жаран кабылган автокырсык боюнча кылмыш иши козголгон.

1-апрелде Орусиянын Рязань облусунун Шацкий районунда кыргызстандык жарандар бара жаткан автоунаа кырсыкка учураган. Алар Москва шаарынан Казакстанды көздөй баратканы айтылууда. Учурда Орусиядагы кыргыздардын түрдүү уюмдары автокырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында каражат чогултуп жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 640 миң кыргызстандык жаран иштейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG