Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын ойноткон батир аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн №147-көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде кумар оюндары мыйзамсыз өткөрүлүп келгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Оюндар атайын жабдуулардын, компьютердик каражаттардын жана Интернеттин жардамы менен уюшулуп келген. Тинтүү учурунда покер оюнуна байланыштуу оюн жабдуулары алынган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-1 беренеси ("Лотерея жабдууларын жана башка каражаттарды колдонуу менен кумар оюндарын уюштуруу") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG