Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада 3-апрелде жолугушканы турат. Бул Путиндин март айында өткөн шайлоодогу жеңишинен кийинки алгачкы чет өлкөдөгү сапары болот.
Кремль маалымдагандай, Путин менен Эрдоган видеоконференция аркылуу Түркиядагы алгачкы атомдук станциянын ачылышына катышат. Станция Орусия менен бирге курулаары маалым болгон.
Анкара Орусиянын "Росатом" мамлекеттик энергетикалык компаниясына Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан "Аккую" атомдук электр станциясынын биринчи бөлүмүн курууга лицензия берген.
Түркия биринчи атомдук электростанциясы 2023-жылдан тартып ишке киришет деп күтүүдө. 20 миллиард долларга бааланган бул долбоордун курулушу пландалгандан кечирээк башталды.
Путин менен Эрдоган ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну, Сириядагы кырдаалды жана башка маселелерди талкуулашат.
4-апрелде эки лидерге Ирандын президенти Хасан Роухани да кошулат. Алар Сириядагы жети жылдан бери токтобой келген жарандык согушту жөнгө салуунун жолдорун сүйлөшүшөт.