Пакистандын түштүк-чыгышындагы чабуулда төрт христиан мерт болгонун жергиликтүү полиция кабарлады. 2-апрелде болгон чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу алды.
Балужистан провинциясынын борбору Кветта шаарында мотоцикл минген куралчан киши арабада бараткан адамдарды аткан.
Арабадагылардан бир наристе эле аман калып, ооруканага жеткирилген. Бир күн мурда христиандар Пасха майрамын белгилешкен. Пакистандын 200 миллиондой калкынын эки пайызын христандар түзөт.
Негизинен калктын көбү мусулманчылыктын суннит агымын карманган бул өлкөдө христиандарга жана шиит мусулмандарына каршы көп чабуул коюлат.
Ооганстан жана Иран менен чектеш Балужистан провинциясында үч экстремисттик топтун - пакистандык талибдердин, "Ал-Каиданын" жана "Ислам мамлекетинин" уюктары бар экени маалым.