Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Активист Мавлян Аскарбековдун соту жылды


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Жарандык активист, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго байланыштуу соттук жараян 10-апрелде, саат 14:00до өтмөй болду. Бул тууралуу Аскарбеков өзү “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ага акыркы сөз берилип, чечим чыкмак. Бирок отурум судья ооруп калганына байланыштуу жылдырылган.

Аскарбековдун сотуна байланыштуу Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында нааразылык акциясы башталган.

Аскарбековду коргоп чыккандардын арасында Дача СУ участкасынын, Учкун айылынын жашоочулары, саясатчылар Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Айбек Мырза жана башка саясатчылар катышып жаткан.

Мавлян Аскарбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси, “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан.

Айыпталуучу жана адвокаттар сот ишти акыйкат карабай жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз берген, сот аны канааттандырган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG