Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер системасында коррупциянын деңгээли жогору экендигин 3-апрелде ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алган учурда айтты.
Мамлекет башчы министрге милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган расмий маалыматтарды да көрсөтүп, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чара көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды. Президент Жээнбеков муну менен катар эле милиция коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп жатканы байкалганын да белгилеп өттү.
Ал эми ички иштер министри Улан Исраилов 8-февралда Коопсуздук кеңешинин чечими менен милицияга жүктөлгөн тапшырма-милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча ыкчам жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу президентке маалымдады.
Президент Сооронбай Жээнбеков министрге "алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек” деп, милициянын иши мыйзамга гана негизделиши керек экенин баса белгиледи.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечими менен сот, укук коргоо жана милиция органдарындагы коррупцияны жоюу милдеттендирилген.(ZKo)