Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 04:53

Косовонун президенти Эрдогандын сынын четке какты


Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай. Приштина. 5-март, 2018-жыл.

Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ага карата айтылган сынын четке какты.

Эрдоган диниятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар экени сөз болгон Түркиянын алты жаранын Анкарага депортациялоо тууралуу чечим кабыл алган косоволук аткаминерлерди кызматтан алганы үчүн Харадинайды сынга алган.

2-апрелде сүйлөгөн сөзүндө Харадинай Эрдоган "Косовонун ички иштерине кийлигишүүгө акысы жоктугун" айтты.

Өткөн жумада Харадинай өз өлкөсүнүн ички иштер министрин жана чалгын кызматынын башчысын анын уруксатысыз Түркиянын алты жаранын Анкарага депортация кылганы үчүн кызматтан алган.

31-марттагы билдирүүсүндө Эрдоган Харадинай бул үчүн жооп берерин айткан. Түрк лидери Анкара Косовонун эгемендигин АКШдан кийинки эле экинчи болуп тааныганын эскерткен.

- Мен Косовонун премьер-министринен сурагым келет: сиз кимдин айтканы боюнча мындай кадамга бардыңыз? Качантан бери силер Косового бир тууган мамлекет Түркиянын бийлигин төңкөрүүгө каршы аракет көргөндөрдү коргоп калдыңар? Сиз бул үчүн жооп бересиз!, - деген Эрдоган.

Түркия 2008-жылы Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган Косового экономикалык жактан ири колдоо көрсөтүп келет.

Ал эми укук коргоо уюмдары бийликтин куугунтугунан улам Косового кире качкан түрк жарандарын Анкарага өткөрүп бергени үчүн расмий Приштинаны кескин сынга алышкан.

Анкара АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетинин артында турган деп эсептейт жана ага караштуу "ФЕТО" кыймылын террорчул уюм деп жарыялаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG