Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Примов: Депутаттык комиссиянын корутундусу даяр


Улан Примов.
Улан Примов.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, корутундунун долбоорун даяр болгонун комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, долбоорго алымча-кошумчалар киргизилет. Анда Бишкек ЖЭБиндеги абалга айыптуу аткаминерлердин аттары аталып, алардын жоопкерчилиги боюнча ишине укуктук баа берүү талап кылынат.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган Жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Авария боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Февралда түзүлгөн депутаттык комиссия авариянын чоо-жайы менен катар модернизацияга кеткен Кытай насыясын да иликтеп жатат. (EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG