Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Путин мартта өткөн шайлоону "эң таза добуш берүү" деп баалады


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова президент Путинге күбөлүк тапшырып жатат. Москва. 3-апрель, 2018-жыл.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова президент Путинге күбөлүк тапшырып жатат. Москва. 3-апрель, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин март айында өткөн президенттик шайлоону Орусия тарыхындагы "балким эң таза жана ачык добуш берүү болду" деп баалады. Мындай билдирүүсүн Путин аны шайланган президент катары аныктаган күбөлүктү алып жатып, 3-апрелде жасады. Документти өлкө башчысына Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Элла Памфилова тапшырып, 18-мартта өткөн шайлоодогу "ишенимдүү жана таза жеңиши" менен куттуктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Путин 76, 7 пайыз менен жеңди. Бул анын мурдагы шайлоодогу жеңиштерине салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Шайлоого добуш берүүгө укуктуу орусиялыктардын 67 пайызы катышкан.

Ал эми Путиндин каршылаштары тескерисинче шайлоодо жүздөгөн мыйзам бузуу болгонун белгилеп жүрүшөт. Орусиядагы шайлоолордун жыйынтыктарын иликтөө менен алектенген физик Сергей Шпилкиндин талдоосуна караганда Путин 10 миллиондон ашуун жасалма добуш алышы мүмкүн.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму "Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок" деген баасын берген.

XS
SM
MD
LG