Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Кундуздагы чабуулда ондогон кишилер курман болду


Кундуздагы чабуулда жаракат алгандар ооруканада. 2-апрель, 2018-жыл.
Кундуздагы чабуулда жаракат алгандар ооруканада. 2-апрель, 2018-жыл.

Ооган аскерлери Кундуз чөлкөмүндө талибдер чогулган жерге сокку урганда ондогон киши набыт болду, арасында карапайым кишилер да бар.

Жергиликтүү полиция өкүлү "Талибандын" согушкерлери операция даярдаш үчүн чогулушканын маалымдады. Анын айтымында, ал жыйынга пакистандык талибдердин Кветта шаарында жайгашкан жетекчилик кеңешинен делегация да келген.

Абдул Хамид Хамиди бери дегенде 15 киши, арасында жайкын тургундар өлгөнүн, 10 чактысы жараланганын айтты. Ал эми күбөлөр курман болгондордун саны 50гө жетээрин, 100дөн көбү жараат алганын, басымдуу бөлүгү карапайым кишилер экенин билдиришти.

Жыл сайын ушул маалда "Талибан" жазгы чабуулун баштаганын жарыялап келет. Кундуз чөлкөмүнүн окуя болгон бөлүгү 2015-жылдан бери негизинен талибдердин көзөмөлүнө өткөн.

XS
SM
MD
LG