Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам чатак чыкты


 Үч-Дөбө кыштагынан тартылган видеодон алынган кадр.
Үч-Дөбө кыштагынан тартылган видеодон алынган кадр.

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Үч-Дөбө кыштагынын Тажикстан менен чектеш аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жер талаштан улам чатак чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” билдиришти.

Баштапкы маалыматтарга караганда, кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылган. Бирок ага Тажикстандын тургундары каршылык билдирип, натыйжада чатакташып кетишкен. Эки тараптан тең ондогон адамдар чогулуп, таш ыргытыша кетишкен. Учурда эки тарапта тең адамдар топтолуп турганы кабарланууда.

Бул боюнча маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырастап, окуя чыккан жерде күч кызматтары жүргөнүн, алар кырдаалды көзөмөлдөп турганын кабарлашты. Мамлекеттик чек ара кызматы да фактыны ырастап, бир аздан кийин толугураак маалымат берерин билдирди.

"Фейсбуктун" колдонуучусу Каныбек Алиев аз убакыт мурдараак социалдык тармактарга "окуя болгон Үч-Дөбө айылында тартылды" делген видеону жайгаштырган. Анда бир топ адамдар кыйкырык-сүрөөн менен таш ыргытышып жатканы көрүнүп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG