Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Аман Түлеев депутаттык мандатка ээ болду


Орусиянын Кемерово облусунун мурдагы губернатору Аман Түлеев.
Орусиянын Кемерово облусунун мурдагы губернатору Аман Түлеев.

Орусиянын Кемеров облусунун мурдагы губернатору Аман Түлеев депутаттык мандат алганын "Коммерсанть" басылмасы жергиликтүү шайлоо комиссиясына таянып жазды. Маалыматка ылайык, Түлеев Эл депутаттарынын облустук кеңешинин спикери да болушу мүмкүн.

Бош турган депутаттык мандатты Түлеевге ыйгаруу тууралуу чечимди шайлоо комиссиясы 3-апрелде кабыл алган.

Аман Тулеев "Зимняя вишня" соода борборундагы 64 адамдын өмүрүн алган өрткө байланыштуу кызматтан кетүү жөнүндө арызын 1-апрелде жазган. Ошол эле күнү анын ордуна губернатордун кызматын аткаруучу болуп Сергей Цивилев дайындалган.

Саясатка 80-жылдары келген 73 жаштагы Тулеев 1997-жылдан бери Кемеров облусун жетектеп келген.

25-мартта "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт расмий маалымат боюнча 64 адамдын, анын ичинде 41 өспүрүмдүн өмүрүн алып кетти. Тергөө комитети кырсыкка байланыштуу соода борборунун жетекчилерин жана тиешелүү кызматкерлерди камакка алган.

XS
SM
MD
LG