Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Екатеринбургда мэрди түз шайлоону жактагандар митингге чыкты


Екатеринбургдагы акциянын катышуучулары. 2-апрель, 2018-жыл.
Екатеринбургдагы акциянын катышуучулары. 2-апрель, 2018-жыл.

Орусиянын Свердлов облусунун мыйзам чыгаруу жыйыны Екатеринбург шаарынын мэрин түз шайлоо эрежесин жокко чыгарды. Эми мэрди шаар думасынын депутаттары атайын комиссия сунуш кылган талапкерлердин арасынан шайламакчы. Буга каршы 3-апрелде жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Бир күн мурда да шаар башчысы Евгений Ройзман уюштурган акцияга миңдеген киши катышкан. Чогулгандар шайлоо эрежесин өзгөртүүгө каршы экенин айтып, губернатор Евгений Куйвашевдин отставкасын талап кылышты.

2013-жылы Екатеринбургдун мэри болуп оппозиционер Ройзман шайланган. Бир нече күн мурун "Дождь" телеканалынын эфиринде ал шаар тургундары мэрди өздөрү шайлоого укуктуу, бирок "губернатор үчүн бул ыңгайсыз" деп сындаган.

XS
SM
MD
LG