Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

“Республика - Ата Журт” фракциясына Жыргалбек Турускулов жетекчи болду


Жыргалбек Турускулов.
Жыргалбек Турускулов.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Республика - Ата Журт” фракциясынын жетекчилигине Жыргалбек Турускулов шайланды. Бул тууралуу фракциянын мүчөсү, депутат Таабалды Тиллаев “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, фракция бүгүн чукул жыйын өткөрүп, мурдагы лидер Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускуловду шайлады. Тиллаев фракция лидерин алмаштырууга олуттуу саясий себеп болбогонун, депутаттар арасында ротация жүргүзүү максатында гана ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады:

- Руслан Казакбаев жакшы иштеди. Анын каалоосу менен ротация жүргүзүү максатында ушундай чечимге келдик, - деди Тиллаев.

Руслан Казакбаев “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидерлигине өткөн жылдын аягында шайланган. Ал президенттик шайлоодо экинчи келип, кийин кылмыш иши козголгон соң чет өлкөгө чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун ордун ээлеген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG