АКШнын Калифорния штатында жайгашкан "YouTube" компаниясынын баш кеңсесинде ок аткан деп шек саналган аял атышуудан өзү мерт болгону кабарланды.
Полиция билдиргендей, дагы үч киши жарадар болду. Сан-Бруно шаарындагы ооруканага жаткырылган үч аялдын бирөөнүн абалы оор экенин дарыгерлер билдиришти.
Интернеттеги видеолорду бөлүшүү порталы катары 2005-жылы түптөлгөн "YouTube" компаниясы бат эле кирешелүү уюмдардын алдыңкы сабына чыгып, кийинки жылы аны Интернетке адистешкен дагы бир ири компания "Google" биржа аркылуу 1 миллиард 650 миллион АКШ долларына сатып алганын жарыялаган. Азыр да Интернеттеги башкы видео порталы болуп саналган бул барак - эң кирешелүү онлайн-долбоорлордун бири.