Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:12

АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Бруно шаарында жайгашкан "YouTube" компаниясынын баш кеңсесинде 3-апрелдеги ок атуудан кеминде төрт киши жарадар болду. Сан-Бруно полициясынын башчысы Эд Барберини билдиргендей, имаратта ок аткан аялдын да сөөгү табылды.

Жарадарлардын баары ооруканага жеткирилген. Алардын экөө оор абалда экени кабарланууда.

Абалы оор жабырлануучулардын бири, 36 жаштагы киши ок аткан аял менен жакын мамиледе болгонун америкалык Си-Би-Эс телеканалы кабарлады. Полиция бул маалыматты ырастай элек. Кол салган аялдын аты-жөнү жана анын жоругунун себептери иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG